Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - учкун
 

учкун

 
учкун, учкунга
учкун алдында (такт.)

учкун

 
зат. 1. Күйүүдөн же абдан ысып кызуудан пайда болгон кыпын, оттун чачыраган майда кыпындары. Анда-санда алоолоп жанган куурайдын учкундары түндүктөн көрүнөт (Жантөшев). Кызыл учкун [чарыктан] шыр-шыр этип чачырады (Сасыкбаев).
2. Кандайдыр бир нерсенин жылтылдаган майда бөлүкчөсү. [Алексей Александрович] кумду алаканына салып, аны күндүн нуруна кармап турду эле, жылт-жулт эткен майда учкундар даана көрүндү (Таштемиров).
3. Эгинди сапырганда туш-тарапка чачыраган майда-барат ыпыр-сыпырлары. [Кырмандын] ары жагында учкуну менен аралашып азыраак буудай жатат (Жантөшев).
4. өт. Кандайдыр бир сезимдин, жөндөмдүүлүктүн ж. б. сезиле түшкөн элеси. Анын [Гүлайдын] көзүнөн сүйүүнүн аябай чатырап жанган отунун учкундары көрүнгөнсүдү (Абдукаримов). Килбаштын кайраттуу көзүнөн кубанычтын учкундары көрүндү (Абдукаримов).
Учкун алдында — эң мурда, а дегенде, биринчи болуп. Учкун алдында келүү. УЧКУР учкул менен бирдей.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санучкун
Көптүк санучкундар
Жөндөлүшү - "учкун"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?учкун
Илик Кимдин? Эмненин?учкундун
Барыш Кимге? Эмнеге?учкунга
Табыш Кимди? Эмнени?учкунду
Жатыш Кимде? Эмнеде?учкунда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?учкундан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?учкундар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?учкундардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?учкундарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?учкундарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?учкундарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?учкундардан

Найти все переводы слова "учкун" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "учкун"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru