|
ук
|
|
I нук менен бирдей.
УК II этиш. Тыңшоо, кулак салуу, эшитүү. Угамын элди коргоп келгендерден, Душманын тургузбаган мергендерден (Калык). Кедейлерим сөзүмдү ук, Өзгөрүштө ала чык! (Тоголок Молдо).
♦Тил угуу — жемеге калуу. Кээде сен үчүн мен да тил угам (Шүкүрбеков). Кулак угуп, көз көргүс — өтө алыс, адам барбаган. Кулак угуп, көз көргүс, Белге жумшап жатыптыр («Эр Төштүк»).
|