|
ташта
|
|
этиш. 1. Колдон түшүрүп же ыргытып жиберүү. Китепти жерге таштап салбай, столдун үстүнө кой, балам («Ала-Тоо»). Кетмендерди кайда таштаган элең («Ала-Тоо»).
- 2. Көңүл бурбай, карабай коюу, калтырып кетүү, карабай кетип калуу. Үйүңдү таштап, талаага Жатпагыла, балдар ай (Барпы). Бала-чакабызды таштап кете бергидей. кара бет, жел таман кишилерден эмес элек («Ала-Тоо»).
- 3. Керексиз, пайдасы жок нерсе катарында колдон чыгаруу, колго албай коюу. Чүкө салган тулубум, Ташта, энеке, Кереги жок мунуңун! (Турусбеков).
- 4. Калтырып коюу, токтотуп коюу, экинчи кайталабоо, тыйылуу. Тамекини ташта. Аракты ташта. Ушул кежирликти таштасак, чатакты унутушсак (Сыдыкбеков).
- 5. Көмөкчү этиш катарында колдонулат. Сынып кала таштады. Жыгылып кала таштады.
|