|
таман
|
|
I зат. 1. Буттун жер баса турган жалпак жагы, бети. Таманымды жоорутуп Жара кылдың жокчулук (Калык). Төөнүн таманы. Каздын таманы.
- 2. Бут кийимдин жер баса турган жагы, бөлүгү. Чокойдун таманы. Өтүктүн таманы. Таманы калың кепич.
- 3. Арыктын, каналдын, кокту-колоттун, жылганын ж.б. түбү, түп жаккы тилкеси. Чоко коктунун таманы менен өрдөп баратты (Каимов). Аскадан учкан таштай кетти кулап, Жылганын таманында жатты сулап (Осмонкул).
- 4. Бир нерсенин жерге коюуга, жерде же башка бир нерсенин үстү менен жүрүүгө ылайыкталган тегиз бети. Утюгдун таманы. Дөңгөлөктүн таманы. Чананын таманы
- 5. Кээ бир буюмдун жазы, жалпак келген бөлүгү. Шакектин таманы. Үзөңгүнүн таманы.
♦ Таман акы, маңдай тер — өз күчү, өз эмгеги, өз мээнети жана ушундай жол менен табылган ийгилик, олжо, акы. Таман тузак к. тузак. Жел таман к. жел I. Кара таман — букара, кедей кембагал, жарды. ..Кара таман эмгекчилерди кылымдар бою эзип келген бай, манаптарды аягына чыгара жеңдик (Элебаев). Төө таман к. төө. Сары (сар) таман жылкы — үч-төрт асый болуп калган, тандалган мыкты жылкы. Бир таман жол — жалгыз аяк жол, чий жол. Бир таман жол менен кой чубап өтө турган (Бөкөнбаев). Таш таман — бут кийимдин жалпы таманынын сыртынан жармына чейин (такага жеткирбей) калыңдап урулган таман.
|