|
суроо
|
|
I зат. 1. Кандайдыр бир нерсе жөнүндө билүү үчүн жооп талап кылган кайрылыш, собол. Улам бир баланын атын атап Нина Леонтьевна ага суроо жаңыртат (Сыдыкбеков). [Сапар] суроого жараша жооп берип жатты (Жантөшев).
- 2. Чечүүнү талап кылган, чечиш үчүн коюлган маселе. Бул суроолорду өлкө тагдыры чечерин биздин замандын кишилери түшүндү (Сыдыкбеков).
- 3. Талап, керектөө, өтүнүч, сураныч. Жаңы китептерге болгон суроо. Керектүү товарларга суроо көбөйүүдө.
- 4. Белгисиздик, чечиле электик. Экинчи мен көрөмүнбү? Чоң суроо! (Аалы). Бирок менин метрикамдын жылы чыкты. Белгисиз айы, күнү Али суроо — эч ким жообун бергисиз (Аалы).
- 5. Уруксат. Тыштан суроо-сопкуту жок эле эки киши кирди (Убукеев).
♦ Суроо белгиси — суроолуу сүйлөмдөргө коюлуучу тыныш белгиси ?.
СУРОО II сура этишинин кыймыл атоочу.
|