|
сок
|
|
этиш. 1. Уруу, чабуу, коюп калуу. Темирди кызуусунда сок (макал). Балка согуп Сергей, Иван Маңдай тери агылган (Бөкөнбаев).
- 2. Кагуу (жүрөк, тамыр жөнүндө). Болкулдап, согуп алат албуут жүрөк (Турусбеков). Өкүнтөрмүн эрдин кесе тиштентип, Жүрөк сокпой, жүлүн токтоп калбаса (Мидин). Тамыры араң эле согот («Ала-Тоо»).
- 3. Токуу. Өрмөк сок. Мээлей сок. Килем сок.
- 4. Жүрүү (шамалга, желге карата). Атыр жел согот жай менен, Жигитке таалай бүтпөйбү Акылман сулуу жар менен (Токтогул).
- 5. Куруу, салуу, жасоо. Жыйырма бешинчи жылга чейин кулактардын дубалын согуп кол жоорутпадыкпы (Сыдыкбеков).
- 6. сүйл. Ичүү, жеп, алып жиберүү. Үч-төрт аяк бозону бир отурушта эле согуп алат («Ала-Тоо»). Бирок арактан өзүң качпайсың, Жалгыздап сого баштайсың (Шүкүрбеков).
|