Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - канжар
 

КАНЖАР

 
КАНЖАР — кооз кыны бар, кош миздүү, болоттон жасалган өтө курч бычак, эпосто көбүнчө согушта колдонулган курал катары сүрөттөлөт: «Канжарлуу канжар алышты, Капташып кетип эки кол, Кайрыла албай калышты» (Сагымбай Орозбаков, 2. 139). Ошону менен катар эпосто К-ды уруш маалында гана эмес, күндөлүк турмушта ар бир адам (аял киши деле) тагынып (байланып, асынып) жүрө турган коргонуч курал катары айтылат. Мисалы, Манас Каныкейге күйөөлөп барып, анын койнуна жашырнып кирмек болгондо Каныкей канжарлуу жүргөнү сүрөттөлөт: «Айтып аны кан кызы, Атемирдин жалгызы Алды канжар колуна» (Сагымбай Орозбаков, 2. 402). Археологиялык казуулардын негизинде К. кыргыздарда да болгону аныкталган. Араб тилинен алынган К. деген сөз «Манас» эпосуна кыргыздар Орто Азия аймагына келгенден кийин кирген болуу керек.

канжар

 
канжар

канжар

 
зат.Курал катарында пайдалануучу эки миздүү, учтуу чоң бычак. Канжар менен Канкорлордон, Кан жуткуздум канчаны (Нуркамал). Жеңине каткан канжарды Чыгарып колго алды эми (Үсөнбаев). Калканды баштан жулушуп, Канжар менен урушуп («Эр Табылды»).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санканжар
Көптүк санканжарлар
Синонимдери
маки
кылыч
бычак
Жөндөлүшү - "канжар"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?канжар
Илик Кимдин? Эмненин?канжардын
Барыш Кимге? Эмнеге?канжарга
Табыш Кимди? Эмнени?канжарды
Жатыш Кимде? Эмнеде?канжарда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?канжардан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?канжарлар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?канжарлардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?канжарларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?канжарларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?канжарларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?канжарлардан

Найти все переводы слова "канжар" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "канжар"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru