КАНЖА |
Капчыгынан бу доңуз Канжасын сууруп алганы, Канжасына салганы Алтымыш чейрек тамеки, Аз бөксө болуп калганы (Сагымбай Орозбаков, 4. 233). Эпостогу сүрөттөөлөр боюнча К. колодон, алтындан жасалат: «Алтын найлуу чоң канжа, Жаткан экен дат басып, Найын жарып ат басып» (Сагымбай Орозбаков, 4. 276—277). Мындай К-нын баасы кымбат экени төмөнкү эпостун саптарынан көрүнүп турат: «Алиги алтын канжанын, Аз болгондо капырай, Он жети байтал баасы бар» (Сагымбай Орозбаков, 4.277). К-ны кыргыздар да колдонгондугу белгилүү. К. кыргыз тилине кытай тилинен кирген. Бул болсо кытай эли менен кыргыз элдеринде революцияга чейин маданий карым-катнаштардын болгондугун айгинелеп турат. |
канжа |
|
канжа |
|
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | канжа |
Көптүк сан | канжалар |
Жөндөлүшү - "канжа"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | канжа |
Илик Кимдин? Эмненин? | канжанын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | канжага |
Табыш Кимди? Эмнени? | канжаны |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | канжада |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | канжадан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | канжалар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | канжалардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | канжаларга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | канжаларды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | канжаларда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | канжалардан |
Найти все переводы слова "канжа" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "канжа"?
Ввойти