Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: omurga развесить млеть визави ХОИТЬ арматура стальная ШАГРИН СВЕРГАТЬ мажүрүм тал Квартирная плата өткөзүш сенектик ДАЦАН дем алышсыз таштанды благополучатели Псовые gıpta etmek
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - зулпукор
     

    ЗУЛПУКОР

     
    ЗУЛПУКОР (арабча зулфакар — аркалуу) — Манастын кылычы. Мусулман уламышы боюнча Мухаммед пайгамбар өзүнүн күйөө баласы, ары ннисн Азирет Аалыга берген укмуштуу кылычтын аты да 3. (Зулфакар) деп аталган. Бул ат эки миздүү, учу эки ача, кылычтын жеңил жана бекем болушу үчүн ортосуна жаныбардын кыр аркасын элестеткен быдырлар салынып өзгөчө ыкма менен жасалышына карата берилген. «Манас» эпосунда кылычтын мындай аталышы дин уламыштары аркылуу кийин кирген. Көпчүлүк варианттарда Манастын кылычы нагыз кыргыз сөздөрү менен аталат: Сагымбайда Ачалбарс, Б. Сазановдо Жойболот, М. Мусулманкуловдо Наркескен, А. Рысмендеевде Акболот (Акалбарс) жана башкалар Баатырдык эпостордун салтында каармандын жеке керт башын эле идеалаштырып, баатырдык доордун рухуна ылайык жоодон жеңилбес кайрат күчкө, согуштук айла-амалга ээ кылбастан, ал урунган курал-жарактарды, ат-тонду да укмуштандырып, адаттан тышкары касиеттерге ээ катары баяндоо адаттагы көрүнүш. Көпчүлүк учурда курал-жарактар жандандырылып, касиеттүү (культтук) сапатка ээ болот. Бул бекеринен эмес, металл (темир) куралдардын пайда болушу баатырдык доордун пайда болушуна түрткү болгон. Бул тууралуу Ф. Энгельс минтип белгилеген: «Келерки кадам варварчылыктын жогорку баскычына, мына мындай бир доорго алып келди: бул доордо маданияттуу элдердин бардыгы тең өздөрүнүн баатырдык доорун, темир кылыч доорун баштарынан өткөздү» (Ф. Энгельс, Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип чыгышы, Фр., 1970, 281-б.). Көрүнүп тургандай, баатырдык эпостордун жаралышына түрткү болгон тарыхый шарт адамзат металлды өздөштүрүүсү менен пайда болгон. Варварчылыктын жогорку баскычынын толук гүлдөшүн Гомердин поэмаларынан, асыресе «Илиададан» көрөбүз: «Өркүндөтүлгөн темир куралдар,... гомердик эпос жана бүткүл мифология — гректердин варварчылыктан цивилизацияга алып келген башкы мурасы мына ушулар» (Ф. Энгельс, жогоруда аталган эмгек, 3-б.). Эгерде баатырдык эпостор металлды өздөштүрүү башталганда жарала баштаса, табигый түрдө андан жаралган куралдардын кол салууга, коргонууга өтө жарамдуулугун даңазалаганы талашсыз. Бул «Манас» эпосунда ачык көрүнөт. Эпосто башкы каармандардын алып жүргөн ар бир куралынын «таржымалына» кеңири токтолуп, каарман ага кандайча ээ болгонун, качан, кандайча жасалганын, кандай укмуштуу касиеттер бардыгы кенен сүрөттөлөт. Ошол куралдардын ичинен жоокердик замандын негизги куралы кылычка да зор көңүл бурулат. Бул куралга жетүү өзгөчө кырдаалда болот. Манас жана анын чоролору урунган башка жоо куралдарынын мыкты сапатка ээ болушу эч бир кереметтүүлүк менен байланышкан эмес. Андай касиет аларды жасаган усталардын (мисалы, төкөр уста Бөлөкбай), уздардын (Каныкей) чеберчилигине тийиштүү болсо, жалпысынан алты курч аталган кылычтар: Манастын Зулпукору, Бакайдын Кылболоту, Ажыбайдын Ачболоту, Алмамбеттин Жойкумасы, Чубактын Ачалбарсы, Сыргактын Аркескени асмандан түшүп, баатырлардын колуна керемет менен тиет. Саякбайда Манас атасы Жакыпка тарынып кетип Боз-Талаага Баба-Дыйкандын жардамы менен эгин эгип, түшүмүн Аккулага алмашып кайтып келе жатканда алдынан чыккан ак сакалчан думана Кайыпчал (Кызыр) ага алты курчту атайы сен үчүн асмандан түштү деп берет. Думана алты курчтун маанисин, касиетин сыпаттап келип: «Өзү тийген күчтүүгө, Кызылдай кыргын салыңыз! Зордукчул кытай элине, Ылайык кылган алты курч...» — деп атайы тапшырма берет (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 502-инв., 74-б.). Баатырдык эпостордо башкы оң каармандын өзү гана белгилүү бир миссияны аткарыш үчүн укмуштуу жол менен атайы төрөлбөстөн, анын курал-жарагы да атайы ошол ишке арналган болот. Эл өзүнүн идеалын жүзөгө ашырчу каармандын жеке керт башын гана эмес бүткүл турушу менен идеалдаштырат. Ошондуктан каарман ал миссияны аткарыш үчүн атайы жаралган сыяктуу, анын куралдары да ошол миссияга арналып, кереметтүү жол менен атайы көктөн түшөт. Ушул салттык мотивге ылайык Сагымбайдын жана ага жакын турган варианттарда да Манас өзүнүн атактуу кылычына укмуштуу жол менен жетет. Бирок мында эпостун байыртан келе жаткан мотиви мусулман динине ылайыкташып өзгөргөнү байкалат. Манаска Ачалбарсты Мекеден келген Айкожо пайгамбардан калган белек катары тапшырат. Чындыгында мусулман ыйыгынын аркасында байыркы элдердин мифтик түшүнүктөрүнөн, ишенгендеринен пайда болгон касиеттүү колдоочу карыя — тотемдик баба жатканын көрүү башка типтеш материалдар менен салыштырганда ачык көрүнөт. Дүйнөдөгү байыркы элдердин салтында кылычка кудай катары сыйынуу тарыхый реалдуулук болгон. Мисалы, Геродоттун жазганына караганда байыркы скифтердин согуш кудайы кадимки эле кылыч болуп, ага арнап курмандык чалышкан. «Манас» эпосунда да кылыч скифтердегидей культтук касиетке ээ экенин көрөбүз, эпосто баатырлар антташканда: «Ушул анттан танганды Ачалбарстын мизи урсун» — дешип кылыч байыркы түрк-моңгол элдериндеги эң жогорку культтар «төбөсү ачык көккө», «төшү түктүү жерге» катар коюлат:
    Түн ичинде суурса
    Өрттөй болуп кызарган,
    Уруштуу күндө узарган,
    Заарын тарткан мунардан,
    Учун кайкы чыгарган
    Тоого чапса таш кескен
    Белге чапса баш кескен
    Шиберге койсо өрт кеткен
    Шилтенгени мүрт кеткен (Сагымбай Орозбаков, 2. 210).
    Алты болот курч ошол,
    Ачуусуна тийгенде
    Ааламды бузган мүлк ошол
    Кыйкырып кындан алганда
    Кан ичпей куру жүрбөгөн
    Кызыгып кындан чыгарса
    Кан ичпесе кирбеген
    Кабарын угуп алганда Качып душман сүрдөгөн (Саякбай Каралаев, Ф, 542инв., 275-б.).
    Шилтегенде бул кылыч
    Аркан бою узарат,
    Кайра тартып алганда
    Керидей болуп тартылат (Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 552-инв., 201-б.).

    Бул сүрөттөөлөрдө Манастын кылычы өтө жогорку сапаттуу жоо куралы болуу менен бирге кандайдыр адаттан тышкары укмуштуу касиетке ээ экени да айкын байкалат. Кээ бир варианттарда мындан да күчөтүлгөн гиперболалык сүрөттөөлөр бар. Акмат Рысмендеевдин вариантында Манастын кылычы колдон түшүп кеткенден ташты, тоону оюп, жерди көтөрүп турган көк өгүзгө жетип, башын кыйып кетерде, бул дүнүйө кыйрап кетет — деп периштелер кармап алып келип турушканы айтылат.
    Р. Сарыпбекпв

    зулпукор

     
    зулпукор (курч кылыч)
    (фольк.)

    Зулпукор

     
    Зулпукор – (ар. зулфакар – аркалуу) – Манастын кылычы (Манас энциклопедиясы, т. 1, Б.: Кыргыз Энциклопедиясынын башкы редакциясы. 236-б.).

    зулпукор

     
    зат.Легендарлык курч кылыч. Кара болот зулпукор Кынай белге илиптир («Манас»). Кылычтын кынай мыктысы, Манас алган зулпукор («Манас»).

    Найти все переводы слова "зулпукор" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

    Хотите добавить свой перевод для слово: "зулпукор"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru