ата |
|
ата |
ата арбагына коюу ата-баба ата-бала ата-баладай ата безер ата бейит ата журт ата кесип ата конуш ата мекен ата сакал ата салты ата сөзү ата тек ата-уул ата-эне |
ата |
2. Жалпы эле жашап калган кишилерге кайрылганда айтылат. — Ташбай ата алмасы качан болот? — деди [Динар] (Сыдыкбеков).
♦ Чоң ата — баланын атасынын атасы; небересинин атасы. Аяш ата — досунун атасы; атасынын досу. Эр Табылды аяш атасы уста менен сүйлөшүп турганын көрдү («Эр Табылды»). Тай ата — таята менен бирдей. Кайын ата — кайната менен бирдей. Ата-баба — ата-тек; өткөн укум-тукум. Алар өз элинин, өз ата-бабаларынын даңкын булгашкан жок (Бөкөнбаев). Ата конуш же ата журт — эзелден жердеген мекен; ата мекен. Ал элдин бир замандан берки ата конушу (Сыдыкбеков). Ата журтум, силерди Кантип чыдайм сагынбай (Токтогул). Ата мекен — эзелден жердеген, ата-бабасы өткөн, туулуп-өскөн жер, родина. Атабаладай к. бала. Атасын таанытуу — көргүлүгүн көрсөтүү. Тең ата — туугандыгы жактан бирдей даражада; бирдей укукта. АТА II этиш. 1. Атын, ысмын айтуу. Улам бир баланын атын атап, Нина Леонтьевна ага суроо жаңыртат (Сыдыкбеков). 2. Арноо, арнап коюу; багыштоо. АТА III сырд. Каалоону же өкүнгөндүктү билдирүүдө колдонулат, атаганат. Ата, ошо келсе болот эле! Ата, балам, сага жаман болгон экен! |
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | ата |
Көптүк сан | аталар |
Жөндөлүшү - "ата"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | ата |
Илик Кимдин? Эмненин? | атанын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | атага |
Табыш Кимди? Эмнени? | атаны |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | атада |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | атадан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | аталар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | аталардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | аталарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | аталарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | аталарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | аталардан |
Найти все переводы слова "ата" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ата"?
Ввойти
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ата