Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - алп
 

АЛП

 
АЛП — эң зор, алибеттүү, күчтүү адам, дөө, ашкере кажырдуу баатыр. А. элдик эпикалык чыгармаларда баатырлардын туруктуу эпитети жана мифтик каармандардын (дөөлөрдүн) энчилүү атынын курамында (Чоюн алп, Кутан алп) колдонулат. Бул сөз байыркы түрк элдеринин Орхон-Енисей жазууларында кадимки эле адамдардын атынын компонентинде учурайт. Мисалы, Йигин Алп Туран, Ынанчу Алп. Ал эми А-ка синонимдеш бөкө, баатыр, дөө жана башкалар сөздөр аталган учурдагы адам аттарынын компонентинде кезикпейт. Демек, аларга караганда А. өтө байыркы сөз. Ошондуктан адам аттарынын бул түрдө жасалышы азыр түрк тилинде сүйлөгөн элдердин көөнө типке жатуучу чыгармаларында кеңири учурап, салттык мүнөзгө ээ. Мисалы, алтай эпосунун башкы каарманы Алып-Манаш жана өзбектердин Алпамыш жана башкалар А. «Манас» эпосунун поэтикалык стилинде да жомоктун каармандарынын образынын байыркылыгын айкындап турган көркөм сөз каражаттарынан. Мисалы, А. Манас, А. Кошой делип, бул эпитет оң каармандардын ичинен жалгыз ушул экөөнө колдонулуп, алардын образдарынын башкаларга салыштырганда өтө байыркылыгын кабарлап турат. Бул эпитет Кошойго салыштырганда Манастын образына карата сейрек колдонулат. Анткени, Манас эрдикти кара күчкө таянган балбан күрөштө эмес, ат үстүндө көргөзгөн атчан жоокерлердин өкүлү болсо, Кошой мифология өтө күч алып турган алгачкы уруулук коомдун чыгармасынын каарманына көбүрөөк жакын.
С. Алиев

алп

 
алп: алп дедире сугун-
алп урушуу

алп

 
алп (алып эмес)
алп кара куш
алп мүнөз
алп ооз (алпооз эмес)

алп

 
зат. 1. Абдан зор денелүү киши, дөө. Илгеркинин алпы көп, алпынан да калпы көп (макал). Өзүмдүн өскөн жеримден Азамат көрдүм, алп көрдүм (Осмонов).
2. өт. Чоң, зор. Алп мүчөлүү. Алп уйку. Ленинграддагы заводдордун алптарынын бири («Советтик Кыргызстан»).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик саналп
Көптүк саналптар
Жөндөлүшү - "алп"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?алп
Илик Кимдин? Эмненин?алптын
Барыш Кимге? Эмнеге?алпка
Табыш Кимди? Эмнени?алпты
Жатыш Кимде? Эмнеде?алпта
Чыгыш Кимде? Эмнеде?алптан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?алптар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?алптардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?алптарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?алптарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?алптарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?алптардан

Найти все переводы слова "алп" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "алп"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru