Найдены по другим направлениям
-
аксакал
-
зат. 1. тар. Айыл башкаруучусу, айылдагы ар кандай иштерди, ички мамилелерди жөнгө салып, башкарып, тескеп, кеңеш берип туруучу көбүнчө кары адам; патриарх. Кудайназар как башты Аксакал кылып алганбыз («Эр Табылды»). Тартынбаган эр болсо, Алтыбайды ардактап, Аксакал кылып коёлук («Эр Табылды»). - 2. Кары адам, жашап калган сакалдуу адам; башкаларга караганда улуу адам. Аксакалдын бул күүсүнүн аты эмне? (Аалы). Аксакал дебей, жаш дебей, Алдыга койгон ураан бар (Тоголок Молдо).
- 3. сүйл. Кызматы жагынан жогору турган адамдарга карата же жалпы эле урматтап, кадырлоо иретинде айтылуучу сөз. Драмтеатрдын аксакалы, Артисттер Ашыке дешет аны (Шүкүрбеков).
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
аксакал