|
Улуттук банктар
|
|
УЛУТТУК БАНКТАР – 1) айрым өлкөлөрдөгү борбордук банктардын аталышы. КР мыйзамдарына ылайык Улуттук банк– КР банкы жана анын менчигинде турат; 2) ошол мамлекетте катталган чет өлкөлүк банктарга карама–каршы банктар; 3) Россия Федерациясында Борбордук банктын РФ курамындагы республикалардагы аймактык мекемелеринин аталышы (м.: Татарстандын улуттук банкы); 4) АКШда ишмердүүлүгү федералдык мыйзамдар менен жөнгө салынган коммерциялык банктардын аталышы.
|