|
серия
|
|
зат. 1. Турпатташ, маанилеш, мазмундаш же бир канча жалпы, окшош белгилери бар нерселер. Художник С. Акылбеков колхозчулардын колхоз талаасындагы ырааттуу эмгеги жөнүндө картиналардын сериясын жазды («Ала-Тоо»).
- 2. Кинокартинанын өзүнчө жеке көрсөтүлүүчү бөлүгү. Үч сериядан турган картина. Көп сериядан турган кинофильм.
- 3. Акча, облигация кагаздарынын, документтердин цифралар же тамгалар менен белгиленген разряды, категориясы. Облигациянын номери жана сериясы. Паспорттун номери жана сериясы.
|