|
салык
|
|
I зат. 1. Бийлөөчү таптын өкүлдөрүнө эл тарабынан берилген милдеттүү чыгым, налог. Кечээ түшкөн Азимкан Салыгын кандай салчу эле? (Токтогул). Төлөй албай салыктарын Жашынганбыз куугундан (Аалы).
2. Ар кандай буюм-теримдин, мүлктүн катып же бир жакка салып коюуга ылайыкталган таңгагы, катып же бир жакка салып коюла турган буюм-терим, мүлк. Бай салык салса, кедей чарык салат (макал). Канча төөгө жүк артып, Көрүнбөс салык үп артып («Олжобай менен Кишимжан»).
САЛЫК II сын. Салаңдап түшүп турган, ылдый түшүп турган. Карды салык. Салык жүктө. Ийни салык, өзү зор («Сейтек»).
♦ Кабагы салык — кабагы бүркөө, капалуу.
|