|
Ойрот
|
|
Ойрот – калмактар – Россия Федерациясынын Калмак Республикасынын негизги калкы. Тарыхый булактарда жана адабияттарда ойрот, жуңгарлар деген ат менен да белгилүү. Б.з.ч. 1-миң жылдыкта Түндүк Кытайды, азыркы Монголиянын түндүк-чыгыш аймагын моңголдор, анын ичинде К-дын ата-бабалары мекендеген… 1758-ж. 1 млн.дон ашуун К-ды цин-манжурлар кырышкан. Кыргындан аман калгандары Волга боюна кетип, орус букаралыгын кабыл алышкан. Алардын айрым бөлүгү 1771-ж. Жуңгарияга кайра көчүп келишкен. Кыргызстанда Ысыккөл аймагынын түштүк-чыгышында орто кылымдагы ойроттордун бир бөлүгү – сарткалмактар сакталып калышкан (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 213-б.).
|