|
Нийет
|
|
НИЙЕТ – кылмыш-жаза укугунда күнөөнүн бир түрү, адамдын өзүнүн жосундарынын коомдук коркунучтуулугун туюнганын билдирет. Н. тикелей жана кыйыр болот. Тикелей Н-те адам өзүнүн жосунунун коомдук коркунучтуулугун толук сезет (уурдоо, өлтүрүү, талап-тоноо ж. б.). Кыйыр Н-те кылмыш жасоочу зыяндуу жыйынтыктар болуусун каалабайт, бирок көңүл тереңинде алардын болорун билет (м.: мас абалында автомобиль айдоо).
|