ЖАР ЧАКЫРУУ |
Ырамандын Ырчы уул, Ычкыры бапик кырк муун... Жанында бар жаш Айдар Жалпы баары кеп айтат, Жарчылар журтка бек айтат... Көкөтөйдүн ашында Көк жал Манас сөзүн тут. ...Темирди талдай сындырган, Пил, керик араң жылдырган, Душманды басып сындырган, Туугандын көөнүн тындырган, Дөө жеңбеген бөкөдөн, Көптөн коркпос жекеден, Журтка болгон чегеден Мусулмандан, капырдан Бура тартпас баатырдан Эки балбан чыксын деп, Кабар ушул уксун деп, Жыкканы мөрөй алсын деп, Жыгылган куру калсын деп, Алты жүз жылкы, бир жүз төө Байгесинин саны деп, Аз десеңер аны деп, Эки жүз сыйыр, беш жүз кой. Көңкү журтуң жыйылып Көкөтөйгө берген той (Сагымбай Орозбаков, 3. 181 — 182). Саякбай Каралаевдин варианты нда «Керней-сурнай тарттырып, Жарчыга кабар айттырып», Бокмурун балбан күрөш болорун, байгесине эмне берилерин элге жарыялайт (Саякбай Каралаев, 2. 39). Чоң казатка бараткан жолдо да Алмамбеттин колго кан болгонун Ырчыуул жар салат (Сагымбай Орозбаков, 4. 122). С. Алиев, К. Кырбашев |
Найти все переводы слова "ЖАР ЧАКЫРУУ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖАР ЧАКЫРУУ"?
Ввойти