|
ДАГЫР
|
|
ДАГЫР (моңг. дахур — кара кытайлардан калган уруунун аты) — этноним. Эпосто душман тарабындагы (калмак-кытай) эл (уруу) (Сагымбай Орозбаков, 3. 261). 17-кылымга чейин Амур өзөнүнүн бойлорунда жашаган. 1654-ж. айрым бөлүгү Дун-Бэй провинциясына көчүрүлгөн. Бир бөлүгү ички Моңголияда жашайт. 18-кылымдын экинчи жарымында Цин империясы тарабынан чек ара аскери катары бир бөлүгү солон, шибе уруулары менен бирге Синьцзянга (Уйгур автономия району) зордоп көчүрүлгөн дахурлардын атына дал келет.
|