АЖЫДААР |
Төмөнкү жалгыз көздүн элинде, Суук-Төр деген төрүндө, Аверден деген көлүндө, Алтымыш баштуу Ажыдаар Андан барып окуп кел. Күндүзү бүркөк, түнү ачык, Бурганактап шыбыргак, Кубултуп күндү бузуучу Жайдын жайын окутат, Атышка кирсең алдырбас Октун жайын окутат, Адамды өрттөп жиберер Чоктун жайын окутат (Саякбай Каралаев, 2. 106—107). Элдик оозеки чыгармачылыкта окуунун кандай процессте жүргөнү жөнүндө ачык кабар берилбейт. Жөн гана кандайдыр бир сыйкырдуу, касиеттүү адам (карыя, аяр, акылман жана башкалар) же А. сабак бергени айтылат. Бала устатынан сыйкырчылык, аярлык, көбүнесе ар түрдүү жаныбарга айлануу өнөрүнө ээ болот. «Манаста» бир аз башкача, жумшартылган түрдө кездешет. Мында Алмамбет адегенде алты миң, анан жети миң дагы ушундай сыяктуу эпикалык сандардагы балдар менен бара берип, алар бүт кырылат. Алмамбет менен бирге барган балдар А-дын кастыгынан өлбөйт, анын фантастикалык көрүнүштөрүнөн коркуп же уусунун зардабын көтөрө албай кырылышат. Алмамбет менен Кожожаш (Саякбай Каралаевдин варианты нда Кожожаш терс каарман Алмамбеттен үч ай ашык окуган, ашкан мерген болуп сүрөттөлөт) ошончо баланын ичинен аман калып, окуп чыгышы ал экөөнүн өзгөчөлүгү, ашкере баатырдыгы, күчтүүлүгү, чыдамкайлыгы катары бааланат. А. бир эле учурда оң каарман Алмамбетти да, терс каарман Кожожашты да магиялык укмуштуу өнөр билимге үйрөтөт. Бул жагынан ал оңго да, терске да бирдей кызмат кылган орток мүнөзгө ээ. Бирок А-дын душман тарапка таандык жандык болушу анын образы терс жакка өтө баштаганын кабарлайт. «Манас» эпопеясында магиялык өнөр-билим берүүдөн башка учурда башкы баатырды колдоочу, коргоочу, жакшылык кылуучу симпатиялуу А-дын образы элестетилет. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Манас Чыйырдынын боюна бүтөрдө А. түшүнө кирет. Алиги жеген ак алмам, Курсагыма толуптур, Артымдан чыкты ышкырып, Ажыдаар болуптур, Ачууланып оп тартса Ай ааламды соруптур (Сагымбай Орозбаков, 1. 11). Укмуштуу А. чексиз күч-кубаттын символу катары көрүнөт. Ал башка тотем жаныбарлар (бөрү, бугу, жолборс жана башкалар) менен бирге жоого кирген Манаска сүр-айбат, кайрат берет, колдоочулук касиетке ээ образ маанисинде элестетилет. Фольклорчу окумуштуулар белгилегендей «Манаста» чагылдырылган фантастикалык А-дын образы дүйнөлүк мифологиядагы А-дын классикалык үлгүсүнө (жакшылык кылуу, символ, кубаттуулук жана башкалар) өтө жакын сүрөттөлөт. С. Алиев |
ажыдаар |
|
Ажыдаар |
|
ажыдаар |
2. өт. Башкаларды канап-бутаган ырайымсыз зулум, жегич. Ажыдаарга арбалган, Алтымыш эки азамат Кай жерге өлдү, Токтогул? (Эшмамбет). |
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | ажыдаар |
Көптүк сан | ажыдаарлар |
Синонимдери |
---|
желмогуз |
Жөндөлүшү - "ажыдаар"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | ажыдаар |
Илик Кимдин? Эмненин? | ажыдаардын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | ажыдаарга |
Табыш Кимди? Эмнени? | ажыдаарды |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | ажыдаарда |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | ажыдаардан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | ажыдаарлар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | ажыдаарлардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | ажыдаарларга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | ажыдаарларды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | ажыдаарларда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | ажыдаарлардан |
Найти все переводы слова "Ажыдаар" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "Ажыдаар"?
Ввойти
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Ажыдаар