Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - АСТРОНОМИЯ
 

АСТРОНОМИЯ

 
АСТРОНОМИЯ — асман телолору, жалпы эле ааламдын түзүлүшү жана өнүгүшү жөнүндө илим. Байыртан баштап эле кыргыздарды көмкөрүлүп турган көк асмандын сулуулугу дайыма суктантып келген. Мында бөтөнчө асмандын түнкү көрүнүшү адамдын, айрыкча, акындардын назарын өзүнө буруп, өзгөчө шыктануунун булагына, эстетикалык предметке айланган. «Манас» эпосундагы эл сүйгөн баатыр Манас асмандагы Айга, Күнгө теңештирилип сүрөттөлөт:
Асман менен Жериңдин,
Тирөөсүнөн бүткөндөй.
Айың менен Күнүңдүн,
Бир өзүнөн бүткөндөй.
Асмандагы Ай-Күндүн,
Жаркынынан бүткөндөй (Сагымбай Орозбаков, 2. 148).

Манастын сымбатына карата салыштыруунун эң элестүү үлгүлөрү берилет да, анын элеси Аалам Жер менен ажырагыс экендигин айгинелеп турат. Аалам түзүлүшү менен кооз. «Манас» эпосунда Каныкейдин келбети:
Ай чырайлуу, бото көз,
Кызыл жүзү нурданган.
Кыпча бели буралган,
Кырк бир кыздын ичинен
Артык турат жылдызы (Сагымбай Орозбаков, 23. 54),

—деп ааламдын атрибуту болгон Айга салыштырылат. Жылдыздар сыйкырдуу, асманда канча жылдыз болсо, жер жүзүндө ошончо адам жашайт; ар бир адамдын өзүнө гана таандык жылдызы бар, нак ошол жылдыздан пайда болгон учурунда жанды алып келип денеге киргизип кетет имиш; көктөн учуп түшкөн жылдыз, жердеги кишинин өлгөнүн билдирет деген ишенчээк түшүнүк «Манас» эпосунда туусун колдон алдырып, жеңилип, баш ийген душмандарын: «Капырлардын бу күндө Башынан качып сыймыгы Жерге түштү жылдызы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 291),— деп кулаган жылдыздарга теңешкен.
А. Байбосунов

астрономия

 
астрономия

астрономия

 
зат. Асман телолору (Ай, Күн, Жылдыз ж. б.) жөнүндөгү илим.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санастрономия
Көптүк санастрономиялар
Жөндөлүшү - "астрономия"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?астрономия
Илик Кимдин? Эмненин?астрономиянын
Барыш Кимге? Эмнеге?астрономияга
Табыш Кимди? Эмнени?астрономияны
Жатыш Кимде? Эмнеде?астрономияда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?астрономиядан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?астрономиялар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?астрономиялардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?астрономияларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?астрономияларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?астрономияларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?астрономиялардан

Найти все переводы слова "АСТРОНОМИЯ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АСТРОНОМИЯ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru