Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - АНТ
 

АНТ

 
АНТ — эч качан бузулбас, салттык ыйык убада-бүтүм, шерт, касам. А. жоокерчиликте, достукка бекем болууда, ар кандай жашыруун ишти аткарууда берилген. Байыркы кыргыздарда баатырлар элдин эркиндиги, намысы үчүн жоого каршы аттанарда жан аябаска, максатты орундатууга, шартты бузбоого ок тиштешип же кылычтын мизин өбүшүп А. беришкен. Магиялык касиети бар катары аксак. сары атты ортого коюп достошуу салты болгон. Эпосто Манас менен Алмамбеттин ортосундагы достуктун негизинде дал ошондой А-ташуу жатат. Бул мотив эпостун «Семетей» бөлүгүндө генеологиялык принципте Семетейдин энеси Каныкейдин эмчегин Күлчоро, Канчоро эмишип туугандашуусу (побратимство) аркылуу улантылат. Эпосто А-ташып достошуу салты башка көптөгөн каармандар ортосунда да жүрөт. Манаска келип кошулган баатырлардын бардыгы А. берип достошкондугу жөнүндө сөз болот. Алар «адам өлөөр шерт кылып, убаданы бек кылып» макулдашканда «төбөсү ачык көккө, төшү түктүү жерге», асмандагы ай, күнгө, караңгы түнгө жана өзүлөрү урунган жоо куралдарына сыйынышып А. беришкен. Мындай А-ты жеке оң каармандар эмес, терс каармандар да (мисалы, Манаска каршы кутум уюштурган алты кан, Семетейге каршы күрөшкөн Чынкожо менен Толтой, Канчоро менен Кыяс) өздөрүнүн чыккынчылык, жүзү каралык жашыруун иштерин жүргүзүү үчүн беришкен. Каармандардын бул түрдөгү эпикалык А-ынан алардын жомоктун чыгыш доорунда же андан мурун да, кийинчерээк да, көп кудайлуу диний ишенимде болгондугун жана сөздүн магиялык күчүнө ишенгендигин көрүүгө болот. Эпостогу баатырлар достошкондо салт боюнча боз бээ союп, канына колдорун матырып, «эгер арабыздан чыр-чатак чыгарсак, бузулушсак так ушул ак боз бээдей мууздалып калалы», же убаданы бузган ушул жаш чыбыктай кыркылсын дешип А. беришкен, «Манастагы» А. берүү салты ислам дининин талабына жараша «кудайга» сыйынууга багытталбастан, көбүнчө жаратылыш көрүнүштөрүнүн (Көккө, Айга, Күнгө, Жерге, тоого, сууга) жана жоокердик курал-жарактардын касиети менен байланышкан. Эпосто мусулман дининин таасири менен келеме шарип (куран) кармап А-ташуу да айрым варианттарда жолугат.
С. Алиев

Ант

 
АНТ – ишенимдүүлүгү тууралуу ырасмий жана салтанаттуу убада (ант) берүү. КР Президенти милдетин аткарууга киришкенде Кыргызстан элине А. берет.

ант

 
ант (касам), анты, антты
ант ичкендей
ант ичүү
ант ургур
ант урсун
ант-шерт

ант

 
I зат. Өтө катуу берилген убада, шерт, касам.
АНТ II анет менен бирдей.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санант
Көптүк сананттар
Синонимдери
касам
Жөндөлүшү - "ант"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?ант
Илик Кимдин? Эмненин?анттын
Барыш Кимге? Эмнеге?антка
Табыш Кимди? Эмнени?антты
Жатыш Кимде? Эмнеде?антта
Чыгыш Кимде? Эмнеде?анттан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?анттар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?анттардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?анттарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?анттарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?анттарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?анттардан

Найти все переводы слова "АНТ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АНТ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru