|
Өзгөчө баалуу жерлер
|
|
ӨЗГӨЧӨ БААЛУУ ЖЕРЛЕР – айдоо аянттары менен кургатылган жерлер, такай пайдалануучу айылчарба жерлери (айдоо аянттары, көп жылдык мөмө-жемиш дарактары, жүзүмзарлар, эгилме аянттар, чөп чабыктар жана түп-тамырынан бери жакшыртылган жайыттар), коргоого алынган токойлор менен ага теңдеш көчөт тигилген жерлер, шаар айланасындагы жерлер менен жашылдандырылган тилкелер, илимий-изилдөө мекемелери менен окуу жайларынын карамагындагы илимий-тажырыйба талаалары (майдандары).
|