Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Add word for translate
EnterRegister
Enter by
<->
 
Яндекс переводчик <->
Your translation history:
 
 
Translation history
On-line info/translations
Online translator
Найденные
Translate/result для - Умай эне
 

Умай эне

 
Умай эне – балдардын төрөлүшүн жана алардын төрөлгөндөн кийинки убактарындагы ден соолугун сактаган мифтик эне (Манас энциклопедиясы. Т. 2. 312-б.). Умай эне – кыргыздардын салттуу сыйынуусу, ислам дини тараганга чейин түрк элдеринин сыйынуусундагы негизги кудайлардын бири, төлдүн жана түшүмдүүлүктүн кудайы, аялзаттын колдоочусу. Кыргыздардын түшүнүгүндө У.Э. аялдарды, балдарды, үйдү, укум-тукумду колдогон. Жаңы төрөлгөн баланы бешикке бөлөөрдө “Бешик ээси бек карма, Умай эне уйку бер” деп суранышкан. Эмчи-домчу, бүбүлөр төрөт учурунда жана балдарды эмдегенде У. Э-ге кайрылышып, “Менин колум эмес, Умай эненин колу” дешкен. Балдарды, жигиттерди зарыл жумуштарга жөнөтүүдө ата-энеси аларды “Умай энеге тапшырдым” деген сөздөр менен узатышкан. Ислам дини тарай баштаганда У.э. менен удаа Батма, Зууранын (мусулмандар кадыр туткан Фатима, Зухра) аттары атала баштаган. Аларды аялдардын энеси, колдоочусу деп билишкен (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 392-393-бб.).

Найти все переводы слова "Умай эне" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Умай эне"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru