Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Add word for translate
EnterRegister
Enter by
<->
 
Яндекс переводчик <->
Your translation history:
 
 
Translation history
On-line info/translations
Online translator
Найденные
Translate/result для - Жайчы
 

ЖАЙЧЫ

 
ЖАЙЧЫ — жайташтын магиялык күчү менен аба ырайын өзгөртүп жиберүү кудуретине ээ киши. Эпосто көбүнчө аярлар Ж-лык өнөргө ээ. Түрк-моңгол элдеринин оозеки чыгармаларында күндү жайлоо жөнүндө көп айтылат. Мындай сюжеттик мотив «Манас» эпосунан да орун алган. Ж-лык башкы оң каармандардын ичинен Алмамбетке гана мүнөздүү. Алмамбет бала кезинде Аберген деген көлдөгү укмуштуу ажыдаардан Ж-лыктын, аярлыктын окуусун окугандыгы эпосто кеңири баяндалат. Ал Ж-лыгы менен агыны катуу суудан өзү тараптагы жоокерлерди аман өткөрүп, душманды суукка үшүтүп, жеңишке жетишкен учурлары болот. Анын Ж-лыгы чоң казатта айрыкча элестүү сүрөттөлөт:
Каптап кытай келгенде,
Караандуу жоону көргөндө,
Күндүзү бүркөк, түнү ачык,
Ала канчык шыбыргак,
Алмамбет жайын салды эле:
Ошондо бөксөнүн башы мөндүрлөп,
Жаканын баары жамгырлап,
Асмандан булут сабалап,
Көктөн булут күркүрөп,
Жер жүзүнө камалып,
Тик каптаган кытай журт
Күн көрөргө зар болуп,
Согуш кылган чоң майдан
Найза бою кар болуп,
Жай убакта кыш болуп,
Жабылган кытай, көп манжу
Ошондо кыңшылаган кыз болуп (Саякбай Каралаев, 2. 194).

Душман бир жагынан суукка тоңсо, экинчи жагынан Манас баатыр баштаган кыргыз Жоокерлеринин катуу чабуулунан кырылат. Эпосто Ж-нын чагылдырылышы табияттын ар кандай кубулуштарынын ички сырларын үйрөнүүгө, аны адамдын эркине баш ийдирүүгө болгон ой-мүдөө болуп эсептелет, к. Жайташ.
С. Алиев

жайчы

 
жайчы (этн.), (эск.)

Жайчы

 
Жайчы – жайташтын магиялык күчү менен аба ырайын өзгөртүп жиберүү кудуретине ээ киши. Эпосто көбүнчө аярлар жайчылык өнөргө ээ (Манас энциклопедиясы. Т. 1, 195-б.).

жайчы

 
зат. эс. Жай таштын жардамы менен аба ырайын өзгөртүп жиберүүчү сыйкырчы. Кар жаадырып күн жайлап, Калкыңда жайчы бар экен («Эр Табылды»).

Найти все переводы слова "Жайчы" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Жайчы"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru