Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Add word for translate
EnterRegister
Enter by
<->
 
Яндекс переводчик <->
Your translation history:
 
 
Translation history
On-line info/translations
Online translator
Найденные
Translate/result для - Ары-бери жүрүү жана отурукташуу эркиндиги
 

Ары-бери жүрүү жана отурукташуу эркиндиги

 
АРЫ-БЕРИ ЖҮРҮҮ ЖАНА ОТУРУКТАШУУ ЭРКИНДИГИ – адамдын негизги жеке укуктарынын бири. Мамлекеттин баардык аймагында эч жолтоосуз ары-бери жүрүү, жайгаша жана жашай турган жерин тандоо, ошондой эле мыйзамдын биркатар талаптарын сактоо менен, мамлекет аймагынан чыгып кетүү жана ага кайрылып келүү мүмкүнчүлүгүн билдирет. Адамдар өзү жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында А. ж. ж. о. э-н толугу менен пайдалана алат. А. ж. ж. о. э-н мындай толук көлөмдө жарандар өзү жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында гана пайдаланат. Чет өлкө жарандары менен жарандыгы жок адамдардын А. ж. ж. о. э. адатта кыйла чектелген мүнөздө болот, бирок баары бир тийешелүү мамлекеттин аймагын өзалдынча таштап кетүү укугун жокко чыгарууга тийиш. Бирок, демократиялык өлкөлөрдө жарандарга карата биркатар чектөөлөр бар. Көпчүлүк мамлекеттерде аскердик, экономикалык, жаратылышты коргоо ж. б. сыяктуу маселелерге, ошондой эле жеке ээликтеги жерге кирүүгө тыюу салынгандыгына байланыштуу кыйла аймактарда эркин жүрүүгө чектөө коюлган. Мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо жүйөсү боюнча да жарандардын өз өлкөсүнөн чыгып кетүүсүнө чектөө салынышы мүмкүн. Өзгөчө кырдаал учурунда дагы А. ж. ж. о. э-не чектөө коюлушу мүмкүн.

Найти все переводы слова "Ары-бери жүрүү жана отурукташуу эркиндиги" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Ары-бери жүрүү жана отурукташуу эркиндиги"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru