Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: карт Куралсыздандыруу Автоскрытие сходимость
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - рыноктук наркы
 

рыноктук наркы

 
  • commercial value
  • market value
  • Перевести через онлайн Переводчик

    Примеры переводов:(бета) рыноктук наркы

    КыргызскийАнглийский
    Рыноктук пайыздык чендер өзгөргөн шартта, активдердин рыноктук наркынын өзгөрүүсүнө дуушарлануу көрсөткүчү..
    Рыноктук тобокелдик – бул, активдердин жана милдеттенмелердин рыноктук наркынын алгылыксыз өзгөрүүсү шартында келип чыккан жоготуу ыктымалдуулугу..
    Жер тилкесине укукту сатып алуу баасын аныктоодо ага жер тилкесине болгон укуктун жана жер тилкесиндеги имараттардын жана курулуш жайлардын рыноктук наркы, ошондой эле жер тилкесинин менчик ээси же жерди пайдалануучу үчүнчү жактын алдында милдеттенмесин мUpon calculation of the redemption price of the land plot, it shall include the market value of the right to land and of the buildings and structures located on the land, and the damages inflicted to the land owner/user by termination of the right to land.
    Бул, пайыздын белгиленген ченине ылайык, карызды тейлөө боюнча келечектеги бардык төлөмдөрдүн дисконттолгон суммасы. Эгерде пайыздык чен милдеттенме боюнча келишимдик ченге барабар болсо, анда келтирилген нарк номиналдык наркка барабар болот, ал эми пайыздык чен рыноктук чен болуп саналса, келтирилген нарк карыздын рыноктук наркына барабар болот деген түшүнүк келип чыгат..
    Рынокто белгилүү бир убакытта суроо-талап жана сунуштардын негизинде аныкталган товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде биржалык, фондулук баалуулуктардын жана валютанын күндөлүк наркы. Карыздык инструменттин рыноктук наркы отчет берүү учурунда түптөлгөн ушул инструменттин рыноктук баасына, б.а. тиешелүү күнгө карата абал боюнча күндөлүк рынок бааларына негизделүүгө тийиш (мисалы, отчеттук мезгилдин башына же акырына карата)..
    Мамлекеттин аймагында экономиканын бардык тармактарында колдонулган өндүрүш факторлорунун улуттук тиешелүүлүгүнө көз карандысыз керектөө, экспорттоо жана топтоо үчүн жыл ичинде өндүрүлгөн бардык түпкү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн (б.а. түздөн-түз керектөө үчүн каралгандардын) рыноктук наркы. ИДӨнү эсептөөдө төмөнкүдөй үч ыкма колдонулат: 1) экономикадагы бардык кирешелерди: эмгек акыны, капиталга пайыздарды, пайданы жана рентаны суммалоо аркылуу; 2) бардык өндүрүштүк чыгашаларды: керектөөнү, инвестицияларды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды, ошондой эле таза экспортту суммалоо аркылуу; 3) бардык кошумча наркты суммалоо аркылуу эсептелинет..
    Портфелдердин макроэкономикалык жагдайдагы олуттуу өзгөрүүлөргө же өзгөчө бирок, чындыкка жакын окуяларга карата алсыздыгына баа берүү үчүн колдонулган ыкмалар. Бүтүндөй алганда финансы тутумунун макроэкономикалык мүнөздөгү олуттуу өзгөрүүлөргө жана “экстремалдуу” окуяларга - болжолдоо кыйынга турган жана ошондон улам чыгым тартууларга (же пайдага) жана макроэкономикалык чыгашага алып келүүгө жөндөмдүү, ыктымалдуулугу азыраак болсо да орун алышы мүмкүн болгон кризистик жагдайларга карата финансылык туруктуулугуна баа берүү – ушул ыкмалардын максаты болуп саналат. Көбүнчө банктар үчүн бул – тышкы чөйрөдө сыяктуу эле (мисалы, экономикагы төмөндөөлөр, кредит портфелинин сапатынын начарлоосу, күрөө предметинин рыноктук наркынын өзгөрүүсү, мыйзамдарга өзгөрүүлөрдүн киргизилиши ж.б.), банктын кардарларынын ишинде да өзгөрүүлөрдүн жүрүшүнөн улам (мисалы, банктын ири кардарынын банкрот абалда калышы, депозиттердин агылып чыгуусу, алмашуу курсунун, пайыздык чендердин өзгөрүүсүнүн таасир этүүсү ж.б.у.с.) банкта орун алышы мүмкүн болгон жоготууларга баа берүү ыкмасы..
    Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жөнгө салуучу талаптарына ылайык, классификациялануучу кредиттерге төмөнкүлөр кирет:
    1) Субстандарттык кредиттер – бул:
    - төлөө мөөнөттөрү узартылган (30 күнгө чейин) кредиттер,
    - кредиттик келишимге ылайык, пландык төлөмдөрү кредиттин мөөнөтү бүткөнгө чейин (60 күнгө жана андан ары) узартылган кредиттер,
    - кредиттин мөөнөтү бүткөндөн кийин анын пайыздары жана негизги суммасы боюнча төлөм мөөнөттөрүн узартуу менен (30 күнгө чейин);
    2) Шектүү кредиттер – бул:
    - карыз алуучу финансылык абалынын начарлоосунун кесепетинен кредит боюнча пайыздарды гана эмес, анын негизги суммасы боюнча да пландык төлөмдөрдү төлөй албай калган кредит,
    - мөөнөтү бүткөндөн кийин да 90 күндөн ашыгыраак убакыт төлөнбөй калган кредит,
    - пролонгациялоону кошо алганда, бир нече жолу реструктуризацияланган кредит,
    - кардардын жоготууларын жана чыгымдарын улам көбөйткөн кредит,
    - күрөөнүн рыноктук наркы төмөндөп, сапаты начарлап, анын ликвиддүүлүгү шектенүүнү жараткан кредит, ал эми күрөөнү баштапкы баада сатуу кыйынга турган кредит;
    3) Жоготуу катары классификацияланган кредиттер – бул, төмөнкү бир же бир нече мүнөздөмөлөргө ээ болгон кредиттер:
    карыздын 90 күндөн ашыгыраак убакыт төлөнбөй узарып кетиши;
    3 жолудан көбүрөөк пролонгацияланышы (узартылышы);
    күрөөнүн жоктугу же рыноктук жагдайлардан улам аны сатуу мүмкүн эмес болсо;
    кардардын карызды төлөөгө жөндөмсүздүгү, андан баш тартышы, же болбосо айкын ордун жабуусуз эле төлөп берүү ниетин билдириши жана активдин ордун жабуу үчүн экинчи каражат алуу булагынын жоктугу; кардардын банк менен кызматташууга ниеттенбеши же болбосо кардар менен байланышуу мүмкүн эмес болсо; кардардын бизнесинин токтотулушу же анын банкрот абалда калышы.
    Мында, жоготуу катары классификацияланган активдердин наркы өтө төмөн болгондугунан улам, алар банктын балансында нөлдүк наркта чагылдырылат.
    .

    Найти все переводы слова "рыноктук наркы" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

    Хотите добавить свой перевод для слово: "рыноктук наркы"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru