Меню
Эл-Сөздүк

көңүл

көңүл, көөн
көңүл айнуу
көңүл айтуу
көңүл алуу
көңүл ачуу
көңүл бур-
көңүл буруу (пед.)
көңүлгө толуу
көңүл калтыруу
көңүл калуу
көңүл кел-
көңүл кири
көңүл кой-
көңүл кош (көңүлкөш
эмес)
көңүл коштук
көңүл кошураак
көңүл коюучулук
көңүл оорутуу
көңүл ооруу
көңүл өсүү
көңүл суроо
көңүл ток
көңүл токтук
көңүл улоо
көңүлү агаруу
көңүлү ачык
көңүлү ачылуу
көңүлү бузулуу
көңүлү жакын
көңүлү жибүү
көңүлү кайтуу
көңүлү калуу
көңүлү караңгылоо
көңүлү (көөнү) кыйбоо
көңүлү көтөрүлүү
көңүлү ооруу
көңүлү суу
көңүлү тоюу
көңүлү үч көчкөн журт тай калуу
көңүлү чаппоо
көңүлү чөгүү
көңүлүн агартуу
көңүлүн алуу
көңүлүн калтыруу
көңүлүн көтөрүү
көңүлүн оорутуу
көңүлүн улоо
көңүлүндө кири жок
көңүлүнө кароо

көңүл

зат. 1. Ниет, тилек, пейил. Кечээтен бери далай киши келип, жакшы санаалуу көңүлдөрүн айтышты (Байтемиров). Качан көңүлүңүз келгенде гана иштеңиз (Тоголок Молдо).
2. Ой, назар, көөн; ой-санаа, ой-пикир. Бүт көңүлүн билимге Берип турган пионер (Барпы). Көз ачып-жумганча [Чоконун] көңүлүнө алда нече ойлор келип кетти (Жантөшев). Көңүл бөлүү. Көңүл коюу. Көңүлү тынуу. Көңүлү жайлануу.
¨ Ак көңүл — көңүлчөөк, бирөөнүн көңүлүн калтырбас, көңүлүн кыйбас, ичине кир сактабаган, кекчил эмес. Кош көңүл — 1) эки анжы, эки ойлуу, олку-солку, чечкиндүү эмес; көңүлсүз, көңүл кош. Койчу.. кош көңүл болуп туруп жооп берди (Сасыкбаев); 2) талгак. Күлжан, сен кош көңүл болуп жүрбө (Байтемиров). Көңүл кош — көңүлсүз, кайдыгер. Көңүл жакын — көңүлдөш, ынак, жакшы санаалаш. Алардын ичинде көңүл жакын кишилер бар (Сыдыкбеков). Көңүл айтуу — кайрат айтуу, көңүлүн жубатуу. Көңүлүн калтыруу — көңүлүн суутуу, көңүлүн кайтаруу, капа кылуу. Кычан курбуларынын көңүлүн калтыра албады (Бейшеналиев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: