Меню
Эл-Сөздүк
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: рынок

Кыргызский Английский
Экономикалык субъекттер катышуучулардын жүрүм-туруму боюнча белгиленген эрежелерге ылайык, финансылык талаптарды сатып алуу-сатууну жүзөгө ашырышкан рынок катары аныкталат.
Баалуу кагаздардын биринчилик рыногуна мурда чыгарылган баалуу кагаздар жүгүртүлгөн рынок, башкача айтканда бул рынокто кайсы бир убакта сатып алынган баалуу кагаздар сатылып алынат жана сатылат.
алгачкы жылдарда айыл чарбасына кредит берүүнүн рынок системасын өткөрүү боюнча долбоорун иштеп чыксын, аны ишке ашырууга эл аралык уюмдардын жыйырма беш миллион доллары суммасындагы кредитин жумшасын. shall develop a project of setting up a market credit system for agriculture in one year, using for its implementation credits and loans of international organizations at the amount of five million US dollars.
Фильмдерди жайылтуу.Бүгүнкү күндө Кошмо Штаттарда тартылган фильмдер, сейрек учурларды эске албаганда, өлкө ичинде жана чет өлкөлөргө рынок тарабынан башкарылуучу коммерциялык каналдар аркылуу жайылтылат. FILM DISTRIBUTION. Today, with very few exceptions, films produced in the United States are distributed domestically and in other countries through commercial channels that are controlled by the market.
Анда инструменттер (мисалы, своптор жана опциондор) финансылык тобокелдиктерди кыйла мүмкүнчүлүктөргө ээ же бул тобокелдиктерге туруштук бере алгандарга сатып өткөрүү үчүн колдонулган рынок, мисалы, валюта курсу жана пайыздык чендер менен шартталган тобокелдиктер.
Рынокто белгилүү бир убакытта суроо-талап жана сунуштардын негизинде аныкталган товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде биржалык, фондулук баалуулуктардын жана валютанын күндөлүк наркы. Карыздык инструменттин рыноктук наркы отчет берүү учурунда түптөлгөн ушул инструменттин рыноктук баасына, б.а. тиешелүү күнгө карата абал боюнча күндөлүк рынок бааларына негизделүүгө тийиш (мисалы, отчеттук мезгилдин башына же акырына карата).
Кеңири мааниде алганда, белгилүү бир мезгил ичинде жүгүртүү каражаттары менен ишке ашырылган жүгүртүүлөрдүн санын чагылдырат. Тар мааниде алганда, рыноктук ликвиддүүлүктүн аспектилеринин биринен болгон рынок сыйымдуулугу көрсөткүчү болуп саналат. Ал соода жүргүзүп жаткан мезгил ичинде сатылып алынган жана сатылган баалуу кагаздардын санынын соода ишке ашырылган, ошол мезгилдин баш жагына жана акырына карата орду жабылбаган баалуу кагаздардын орточо санына карата катыш катары эсептелинет.
1) Финансылык активдин мүнөздөмөсү жана ал нак акчага аны которууда келип чыккан чыгымдарды чагылдырат; 2) финансы рыногунун өнүгүү деңгээлин чагылдырган мүнөздөмө. Ликвиддүү рынок операциялар көлөмүнүн жогору экендиги, баа туруктуулугу, спрэд деңгээлинин салыштырмалуу төмөндүгү менен мүнөздөлөт; 3) уюмдун өзүнүн утурумдук милдеттенмелерин (төлөмдөрүн) тейлөө жөндөмдүүлүгү; 4) финансы-кредит мекемелеринин, корпорациялардын, акча рыногунун же капитал рыногунун, улуттук экономиканын ичиндеги же дүйнөлүк экономикадагы нак акча каражаттары; 5) активдерди тез арада жана анын баасына олуттуу таасир этпестен, ири көлөмдө сатып алуу же сатуу мүмкүнчүлүгү. Инструменттерге карата алганда, ликвиддүүлүк дегенден улам, наркынан олуттуу жоготууларсыз активдерди нак акча каражатына тез айлантуу мүмкүнчүлүгүн түшүнүү зарыл.
1) Төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, тастыктоо жана системанын катышуучуларынын өз ара талаптарын эсептөө процесси.
2) Төлөмдөрдүн баланстык шарттарынын негизинде, өлкөлөр, банктар, компаниялар, ишканалар ортосунда бири-бирине сунушталган, сатылган товарлар, баалуу кагаздар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн утурлама милдеттенмелер боюнча нак эмес эсептешүү системасы. 3) Банктык     клиринг дегенден улам, бири-бирине барабар төлөмдөрдүн өз ара чегерилишине негизделген банктар аралык нак эмес эсептешүүлөр системасын түшүнүү зарыл.
4) Валюта  клиринги – бул, өлкөлөр ортосунда бирдей нарктагы товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдүн өз ара чегерилишине негизделген, клирингдик валютада макулдашылган баада эсептелген, эл аралык эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибин түшүндүрөт.
5) Баалуу  кагаздар  клиринги – баалуу кагаздар боюнча тооруктарды өткөрүү учурунда рынок катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: