Menü
Эл-Сөздүк

карызды төлө-

repay [рии’пэй]
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: карызды төлө-

Kırgız İngilizce
Карызды жана активдерди башкаруу Debt and assets management
Мамлекеттик карызды жана күтүлбөгөн милдеттенмелерди башкаруу Management of Government Debt and Contingent Liabilities
секьюритизация - баалуу кагаздардагы насыялар жана эсептелген пайыздар боюнча карызды кайра түзүү процесси; Securitization is a process of loan indebtedness and interests accrued restructuring into securities;
Фирмалар ортосундагы карызды эске албаганда, экономиканын бардык секторлорунда кредиттер жана насыялар (займдар) боюнча айкын милдеттенмелердин орду жабылбаган калдыгы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттер аралык эсептешүүлөр боюнча карызды текшерүү жана жөнгө салуу жагынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу түзсүн. The Government of the Kyrgyz Republic should conclude an agreement with the National Bank of the Kyrgyz Republic on adjustment and settlement of debts on interstate payments.
Имарат жайга болгон өзүнүн укугун ишке ашырууга шериктиктин ниеттенүүсү жөнүндө кабарлаган билдирүүдөн кийин отуз күндүн ичинде ипотека боюнча кредитор аталган имарат жай боюнча карызды түзгөн шериктикке тиешелүү болгон төлөмдөрдү жүргүзө алат. Upon receipt of a notice from a partnership that it intends to enforce its rights against a premise, a mortgage lender shall have thirty days from the date of such notice in which to pay the partnership any amounts due with respect to the premise.
Карызды карыздык эмес милдеттенмеге (мисалы, капиталга катышуу инструментине) же улуттук валютадагы эквиваленттүү каражатка (мисалы, айкын долбоорду, программаларды же башка иш-чараларды каржылоого багытталышы мүмкүн болгон каражаттарга) алмашуу.
Төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карызды кошо алганда, алгачкы карызды жаңы карыздык инструменттерге конверсиялоо. Башкача айтканда, жаңы карыздык милдеттенмелер аркылуу мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды же карызды тейлөө боюнча келечектеги милдеттенмелерди “төлөө” ишке ашырылат.
Кредиттин/насыянын (займдын) жеңилдетилген шарттарда берилгендигинин көрсөткүчү, ал кредиттин/насыянын (займдын) номиналдык наркы менен карызды тейлөө боюнча карызгерден кармалып калуучу болочоктогу дисконттолгон төлөмдөрдүн суммасы ортосундагы айырманын, насыянын (займдын) номиналдык наркына карата катышы катары эсептелинет.
Карызды кайра өзгөртүп түзүү, кредитор сыяктуу эле, карыз алуучунун катышуусу менен түзүлгөн, эки тараптуу келишимдин натыйжасы болуп саналат, карызды тейлөө шарттары ага ылайык өзгөртүлүп түзүлөт. Карызды кайра өзгөртүп түзүү кайра тариздөөнү, кайра каржылоону, карызды кечүүнү, конверсиялоону жана карызды мөөнөтүнөн мурда төлөөнү камтыйт.
Бул, пайыздын белгиленген ченине ылайык, карызды тейлөө боюнча келечектеги бардык төлөмдөрдүн дисконттолгон суммасы. Эгерде пайыздык чен милдеттенме боюнча келишимдик ченге барабар болсо, анда келтирилген нарк номиналдык наркка барабар болот, ал эми пайыздык чен рыноктук чен болуп саналса, келтирилген нарк карыздын рыноктук наркына барабар болот деген түшүнүк келип чыгат.
Карызды төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейинки убакыт аралыгы. Орду жабылбаган кыска мөөнөттүк тышкы карыз өлчөмүн (баштапкы төлөө мөөнөтү боюнча) жана жакынкы жылдар ичинде төлөнүүгө тийиш болгон, орду жабылбаган узак мөөнөттүү тышкы карыздын өлчөмүн (баштапкы төлөө мөөнөтү боюнча) кошуу аркылуу, кыска мөөнөттүк орду жабылбаган тышкы карызды төлөөгө чейинки калган мөөнөт боюнча эсептөө сунуш кылынат.
Жыл ичинде карызды тейлөөнүн (төлөөгө каралган пайыздарды жана негизги сумманы) салыштырмалуу көрсөткүчү, ал ошол жылдагы экспорттон (эрежедегидей эле товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдөн) же жыл ичиндеги бюджет кирешесине карата пайыздарда туюндурулат. Келечекте карызды тейлөө коэффициентин эсептөө үчүн экспорттук же бюджеттик түшүүлөргө алдын ала баа берүү зарыл. Бул коэффициент өлкөнүн карыз оорчулугунун маанилүү көрсөткүчү болуп эсептелинет.
Карызды кайра тариздетүү дегенден улам, карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү расмий кийинкиге жылдырууну жана кийинкиге жылдырылган сумма боюнча жаңы, кыйла узартылган мөөнөттөрдүн белгиленишин түшүнүү зарыл. Карызды кайра тариздетүү карыз алуучунун карыз оорчулугун жеңилдетүү ыкмаларынын бири болуп саналат. Ал кийинкиге жылдыруу, ал эми жеңилдик шарттарында кайра тариздетүү учурунда, карызды тейлөө боюнча милдеттенмелерди кыскартуу аркылуу ишке ашырылат.
Тышкы карыз боюнча төлөөлөргө карата карыз алуучунун өлкөсүнөн тышкары жайгашкан банктарда ачылган жана алар аркылуу анын экспорттук пайдасынын жарымы өтө турган эсептер колдонулат. Эрежедегидей эле, бир жылдык мөөнөттөгү мындай эсептердеги калдыктар карызды тейлөө боюнча келечекте келип чыгуучу төлөмдөрдүн ордун жабуу үчүн каралган. Ушундан улам, мындай эсептердин бенефициарынан болгон кредиторлор өз карыздары боюнча кошумча камсыздоолорду жана карызды тейлөөдө айкын артыкчылыкты алышат.
Капиталдаштырылган пайыздар – бул, эсептелинген пайыздык чыгашаларды же келечектеги пайыздык төлөмдөрдү жаңы карыздык инструментке же кредитор менен түзүлгөн макулдук келишиминин негизинде карыздын негизги суммасына конверсиялоо. Пайыздык чыгашаларды карыздын негизги суммасына же айкын карыздык инструментке тиешелүү ачык макулдашуунун негизинде же карызды кайра тариздетүү келишиминин алкагында реинвестициялоо – капиталдаштыруунун эң эле кеңири тараган формасынан болуп саналат. Карызды кайра тариздетүү келишиминин алкагында пайыздардын төлөө мөөнөтү консолидациялоо учуруна туура келген айрым бир бөлүгү, кредитор менен макулдашуунун негизинде көпчүлүк учурда карыздын негизги суммасына кошулат.
Карыздын төлөнбөгөн номиналдык наркы менен операция жүргүзүлгөн валюта үчүн колдонулган пайыздык чен боюнча дисконттолгон, карызды тейлөө боюнча келечектеги төлөмдөрдү салыштыруу максатында, кредит же насыя (займ) берилген учурга карата жүргүзүлгөн, карыздын номиналдык наркына пайыз түрүндө туюндурулган таза келтирилген наркты эсептөө. Карыздын жеңилдетилген деңгээли (же байланыштуу жардамдын) эки тараптуу негизде окшош эле эсептелет, бирок карыздын номиналдык наркынын ордуна насыянын (займдын) жалпы наркы, б.а. кредитор тарабынан берилген сыяктуу эле, берилбеген каражаттарды да эске алуу менен алынат, ал эми булардын айырмасы грант-элемент деп аталат (Грант-элементти жана Таза келтирилген наркты карагыла.)
Өкмөттөр-кредиторлордун расмий эмес тобу. Бул топ 1956-жылдан бери карыздарды эки тараптуу негизде кайра тариздетүү үчүн Парижде туруктуу негизде жолугушуп турат. Мында Франциянын Казыналыгы катчылыктын милдетин аткарат. Кредиторлор карызды тейлөөдө кыйынчылыкка дуушар болуп жаткан өлкөлөргө сунушталган эл аралык колдоонун алкагында жана ЭВФ тарабынан колдоого алынган турукташтыруу программасына ылайык, карыз алуучу өлкөнүн карыздарын кайра тариздөө үчүн жолугушуп турушат. Париж клубу туруктуу мүчөлөргө ээ эмес жана анын кеңешмелерине аталган клубдун иш тажрыйбасына жана тартибине макул болгон бардык расмий кредиторлор катыша алышат. ОЭСРге мүчө мамлекеттер анын негизги кредиторлорунан болуп саналат, бирок карыз алуучу өлкө менен мамиле түзгөн башка кредиторлор да жолугушууларга катыша алышат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жөнгө салуучу талаптарына ылайык, классификациялануучу кредиттерге төмөнкүлөр кирет:
1) Субстандарттык кредиттер – бул:
- төлөө мөөнөттөрү узартылган (30 күнгө чейин) кредиттер,
- кредиттик келишимге ылайык, пландык төлөмдөрү кредиттин мөөнөтү бүткөнгө чейин (60 күнгө жана андан ары) узартылган кредиттер,
- кредиттин мөөнөтү бүткөндөн кийин анын пайыздары жана негизги суммасы боюнча төлөм мөөнөттөрүн узартуу менен (30 күнгө чейин);
2) Шектүү кредиттер – бул:
- карыз алуучу финансылык абалынын начарлоосунун кесепетинен кредит боюнча пайыздарды гана эмес, анын негизги суммасы боюнча да пландык төлөмдөрдү төлөй албай калган кредит,
- мөөнөтү бүткөндөн кийин да 90 күндөн ашыгыраак убакыт төлөнбөй калган кредит,
- пролонгациялоону кошо алганда, бир нече жолу реструктуризацияланган кредит,
- кардардын жоготууларын жана чыгымдарын улам көбөйткөн кредит,
- күрөөнүн рыноктук наркы төмөндөп, сапаты начарлап, анын ликвиддүүлүгү шектенүүнү жараткан кредит, ал эми күрөөнү баштапкы баада сатуу кыйынга турган кредит;
3) Жоготуу катары классификацияланган кредиттер – бул, төмөнкү бир же бир нече мүнөздөмөлөргө ээ болгон кредиттер:
карыздын 90 күндөн ашыгыраак убакыт төлөнбөй узарып кетиши;
3 жолудан көбүрөөк пролонгацияланышы (узартылышы);
күрөөнүн жоктугу же рыноктук жагдайлардан улам аны сатуу мүмкүн эмес болсо;
кардардын карызды төлөөгө жөндөмсүздүгү, андан баш тартышы, же болбосо айкын ордун жабуусуз эле төлөп берүү ниетин билдириши жана активдин ордун жабуу үчүн экинчи каражат алуу булагынын жоктугу; кардардын банк менен кызматташууга ниеттенбеши же болбосо кардар менен байланышуу мүмкүн эмес болсо; кардардын бизнесинин токтотулушу же анын банкрот абалда калышы.
Мында, жоготуу катары классификацияланган активдердин наркы өтө төмөн болгондугунан улам, алар банктын балансында нөлдүк наркта чагылдырылат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: