|
АССОНАНС
|
|
АССОНАНС (лат. assono, французча assonanse — үндөшүү, ыргак менен бирдей кайталануу) — ыр сабында үндүү тыбыштардын биринин басымдуу түрдө көбүрөөк кайталанышы. «Манас» эпосу А-ка өтө бай: «Өлгөнүн көзүң көрбөйбү, Өзү жалгыз алданын Өкүмүнө көнбөйбү» (Сагымбай Орозбаков, 1. 125).
|