|
Өзгөчө мыйзам
|
|
ӨЗГӨЧӨ МЫЙЗАМ – эреже катары, парламент тарабынан жолжобо алкагында кабыл алынуучу мыйзам (кээде квалификациялуу көпчүлүк талап кылынат), бирок башка мыйзамдарга, конституцияга караганда да чоң юридикалык күчкө ээ болот. Ө. м-да кандай гана мыйзам ченемдер болбосун, анын ичинде конституциялык ченемдерге карама-каршы жоболор болушу ыктымал. Ал аларды өзгөртөт же колдонулуусун токтотот. Ө. м. кабыл алуу жалпы эреже боюнча өкүлчүлүктүү бийлик органынын артыкчылык укугу болуп саналат. КР конституциялык тажырыйбасында кездешпейт.
|