|
Аброгация (жойгу)
|
|
АБРОГАЦИЯ (ЖОЙГУ) (лат. abrogatio ) – пайдасы тийбей калган, же болбосо
заманбап болбой калган мурдагы мыйзамды жокко чыгаруу. А. жаңы мыйзам деп
жарыяланат. Өзгөчөлүктөрү: А. – мурдагы мыйзамды жаңысы менен толук алмаштыруу;
дерогация – мыйзамдын айрым бөлүктөрүн жокко чыгаруу; оброгация – мыйзамга
өзгөртүүлөрдү киргизүү; суброгация – мыйзамга толуктоолорду
киргизүү.
|