|
түн
|
|
түн I ночь; түнү менен или түнү бою всю ночь; на протяжении ночи; барган адамды түнү менен кайра жөнөтсүн человека, который поедет (к нему), пусть он в ту же ночь отправит обратно; бүгүн түнү сегодня ночью (в предстоящую ночь); күнү-түнү или күндүр-түндүр и днём и ночью; круглые сутки; ал түндө или али түндө (или алтүндө) предстоящей ночью; качан? алтүндөбү? когда? сегодня (предстоящей) ночью? ал түндө окуп чыгам сегодня ночью прочту; түндөгү түнү или түндөгү түндө прошлой ночью; вчера ночью; жети түндө по ночам, среди ночи; жети түндө мында эмне кылып жүрөсүң? ты что здесь по ночам делаешь? что тебе здесь среди ночи нужно? жети түндө эле эшиктен дүбүрт чыкты, карасам - баланча экен среди ночи за дверью топот раздался, а это, оказывается, такой-то; каран түн сал- навлечь беду, принести несчастье; караган түндө с предшеств. дат. п. в ночь на...; 25-январга караган түндө в ночь на 25-ое января; кыштын сары түнүндө в длинную зимнюю ночь; буурул түн белая ночь; түн кат- ехать всю ночь; уктаган уйку алат, түн каткан жылкы алат погов. кто спит, тот сон получает, а кто ночью ездит, тот коней добывает (в старом быту захват чужих табунов обычно происходил ночью); торпокту алса, ким алды? түн каткандын бири алды стих. если взял (украл) телёнка, то кто взял? взял тот, кто ночью ездит; түн ката или түн катып всю ночь, ночью; түн ката кайра узатышкан ночью проводили обратно; эч жанга көрүнбөй, түн катып быякка чаптым я скакал сюда всю ночь, не показываясь ни единой душе; түн каткандан туулган или түн катардан туулган родившийся от случайной связи; түн катардай эл эмес не безродное (не неизвестного происхождения) племя; түн катырып, көчүрүп жиберди он ночью выселил; түн сакта- бодрствовать всю ночь; аза күтүп, түн сактап стих. оплакивая (умершего) и всю ночь бодрствуя; түн жак полночная сторона; север; түндөгү вчерашний; түндөгү түлкү - бүгүнкү күлкү погов. вчера красовался, сегодня попался (букв. вчерашняя лиса - сегодняшний смех); көй түн то же, что көйтүн. түн II парное к үн.
|