Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - драма
 

драма

 
лит.
драма.

ДРАМА

 
ДРАМА (гр. drama — кыймыл-аракет) — көркөм адабияттын бир тарамы, түрү. Адатта сахнада ойноого арналып жазылат да, жанр жагынан трагедия, комедия, мелодрама, фарс болуп салаалап кетет. Д-га прозадагыдай автордук мүнөздөмөлөр, сүрөттөөлөр, эпикалык баяндоолор мүнөздүү эмес. Драма диалогдук формада жазылат да, текст каармандардын кебинен (речь), өз ара сүйлөшүүлөрүнөн, монологдорунан турат (к. Диалог, Монолог). Д-нын маңызы негизинен сюжеттик конфликт жана драмалык кыймыл-аракет аркылуу турмуштун, коомдун курч карама-каршылыктарын жана адам тагдырларынын татаал түйүндөрүн изилдөөдө турат.
Д-лык чыгарма үчүн сюжеттик материал бирде карама-каршылыкка толгон реалдуу турмуштун өзүнөн алынса, кээде даяр адабий, фольклордук же мифологиялык сюжетке негизделип жазылган учурлары да аз эмес. Маселен, Байыркы Чыгышта жана Байыркы Грецияда Д-нын предметин негизинен уламыш, миф түзгөн. Дүйнөлүк көркөм практикадагы мындай салттан кыргыз драматургиясы четте калган жок. Кыргыз драматургиясында фольклордук материалга негизделип жазылган драмалар, либреттолор аз эмес. Драматургдар «Манас» эпосунун сюжетине да кайрылышкан. Кыргыз Д-сынын, театрынын башаты түпкүлүгүндө элдин фольклордук оюн-шоок, карнавалдык маданиятынан агып чыгат. Мисалы, кыз-жигиттин алым сабагы же төкмө ырчылардын айтышы Д-лык диалогду элестетсе, ал эми эл алдында чыккан манасчынын ыры кудум сахнадагы актёрдун монологуна окшошуп турат (к. Бир артисттин театры). Эпостук чыгармаларга кайрылуунун бир кыйла утуштуу жагдайлары да бар. Себеби кыргыз эпостору драмалык элементтерге өтө бай. Эпостук чыгармаларды сахнага коюу да ыңгайлуу, анткени, эпостук баяндар адатта сюжеттик композициялык түзүлүшү жагынан тыкан, жыйынтыктуу келет (к. Композиция). Анда конфликт даана байкалып турат. Оң, терс каармандардын сапаттары таасын боёктор менен ачык, көркөм тартылып, бири-биринен так ажырап, бири-бирине тикелей бетме-бет келип турат. Карама-каршы тараптардын ортосундагы күрөш кыймыл-аракетке, драматизмге карк келет (к. Конфликт). Ал эми кейипкерлердин бири-бири менен пикир алышкан сөздөрү, айткан кептери кудум Д-дагыдай эксперссиялуу, так, таамай, кыска болот.
Мына ушундай касиет-сапаттарынан улам «Манас» эпосунун сюжети да бир нече драмаларга, либреттолорго негиз болду. «Манастын» сюжетинин негизиндеги эң биринчи пьесаны 1937-ж. Ж. Бөкөнбаев эпостун «Семетей» бөлүмүнүн сюжетинен алып жазган (к. «Семетей»). 1938 —39-ж. Ж. Турусбеков, К. Маликов, Ж. Бөкөнбаев биргелешип кыргыздын туңгуч улуттук операсы «Айчүрөктүн» либреттосун жазышкан. Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде (1941 — 45) Т. Сыдыбеков менен К. Рахматуллиндин «Манас» менен Алмамбет» драмасы, ошондой эле А. Токомбаев менен К. Маликовдун «Манас«, К. Маликовдун «Сейтек» аттуу либреттолору жаралган (к. Либретто). «Манас» либреттосуна В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере музыка жазып, опера өнөрүнүн алтын казынасынан орун алган «Манас» операсы жаралды. 1980-жылдарда драматург Ж. Садыков «Манастын» сюжетинин негизинде «Манастын уулу Семетей» (1980), «Сейтек» (1987), «Айкөл Манас» (1990) аттуу драмаларды жазып, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлду.
С. Байгазиев

драма

 
dram, drama.

драма

 
драма (тех.)

драма

 
зат. 1. Диалог формасында жазылган, сахнада ойнолууга арналган адабий чыгарма.
2. өт. Бакытсыздык, оор окуя.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сандрама
Көптүк сандрамалар
Синонимдери
трагедия
кайгы
Антонимдери
комедия
Жөндөлүшү - "драма"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?драма
Илик Кимдин? Эмненин?драманын
Барыш Кимге? Эмнеге?драмага
Табыш Кимди? Эмнени?драманы
Жатыш Кимде? Эмнеде?драмада
Чыгыш Кимде? Эмнеде?драмадан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?драмалар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?драмалардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?драмаларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?драмаларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?драмаларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?драмалардан


Хотите добавить свой перевод для слово: "драма"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru