|
АРАП
|
|
АРАП — этноним. Батыш Азия жана Түндүк Африкадагы араб өлкөлөрүндө жашаган элдердин тобу. Араб халифтигин жеңип алуулары жана ислам дининин таралышы аркылуу Орто Азиядагы элдер 7-кылымдан тартып А. жөнүндө кабардар болушкан. «Манас» жөнүндө жазуу жүзүндө алгачкы маалымат берген «Мажму-ат-таварихте» эле А-тар тууралуу Манаска байланыштырылган кабар бар. Азыркы күндө колдо бар варианттардын көпчүлүгүндө А-тарга байланышкан маалыматтар арбын, айрыкча Сагымбай Орозбак уулу, Тоголок Молдо сыяктуу революцияга чейинки Чыгыш адабияттары менен тааныш манасчыларда андай маалыматтар мол.
|