|
Согушуунун тыюу салынган усулдары
|
|
СОГУШУУНУН ТЫЮУ САЛЫНГАН УСУЛДАРЫ – Согуш курмандыктары жөнүндө 1949-жылкы Женева конвенциясында, 1977-жылы кабыл алынган ага Кошумча протоколдордо ж. б. белгиленген. С. т. с. у. душмандын аскер жоокерлерин чыккынчылык менен өлтүрүү же жарадар кылуу; душман жөнүндө маалымат алуу максатында кыйноо; улуттук жана эларалык эмблемаларды (эн), белгилерди жана желектерди мыйзамсыз пайдалануу; парламент өкүлүн (элчини) жана аны коштоп жүргөн кишилерди өлтүрүү; жүзүкаралык; санитардык жайларга, катардан чыккан, туткунга түшкөн кишилерге, кыйроого учуруган учактардан жана башка учуучу жабдуулардан (десанттардан башка) качкандарга кол салуу; геноцид ; апартеид ; жарандык калкка карата террор жүргүзүү; тирүү жан калтырбоо тууралуу буйрук берүү, каршы тараптын аскер туткундарын жана башкаларды куралдуу күчтөрдө кызмат кылдыруу жана өз өлкөсүнө каршы согушууга мажбурлоо, маданий байлыктарды жок кылуу ж. б.
|