АЙ ТУЯК — курмандыкка чалынуучу жылкы. Эпосто мындай жөрөлгө элдик баатырлар жеңишке ээ болгондо, кереметтүү түш жакшылыкка жорулганда, арбакка сыйынганда, куда-сөөк келгенде, аш-той жана башкалар каада-салттарга байланыштуу өткөрүлгөн. АЙТЫКЕ (чын аты Айты, 1816—87, Жумгал өрөөнү) — манасчы, акын. Эл арасында таланты менен кадыр-барктуу болгондуктан Айтыке аталган. Өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар жокко эсе. Анын айтылуу манасчы Балык менен айтышы, Калыгул менен үзөңгүлөш теңтуш болгондугу жөнүндө азыноолак маалыматтар бар. Таластан чыккан Чоңду ырчыны өз баласындай туткан. Чоңдунун айтымына караганда А. «Манас», «Семетей», «Сейтекти» бүтүндөй айткан. Зор масштабдуулук, эпиктик сапат, касиетке ээ. А-нин турмуштагы негизги кесиби — манасчылык өнөр болгонун Тоголок Молдо:
Балыкты жыккан Айтыке —
Жумгалдагы Саяктан.
Үйрөнгөнүн билбеймин
Айтыке ырчы каяктан.
Манасты бу да салдырган,
Дүйнөнү бүтүн алдырган.
Аңгемеси бир далай,
Артына нуска калтырган (ТМВ, 2. 135),
— деп мүнөздөйт. Өткөн кылымда жашап, ысымдары эл эсинде тагыраак сакталган, бирок варианттары кагазга түшүрүлбөгөн манасчылар сыяктуу эле А-нин айтуусундагы «Манастын» тексттери да жазылбай калган.
Ы. Кадыров
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как АЙ ТУЯК
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
4Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 4 + 0? Ответ:
Отправить
Хотите добавить свой перевод для слово: "АЙ ТУЯК"?Ввойти
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: