|
Юридикалык факты
|
|
ЮРИДИКАЛЫК ФАКТЫ – таасын-так укук мамилеси келип чыгуучу (өзгөрүүчү, токтотуучу) мыйзамда каралган жагдайлар. Ал эки топко бөлүнөт: окуя жана иш-аракет. Ю. ф. арасынан ошондой эле укуктук абал да бөлүнүп турат (аскер кызматында, нике, туугандыкта, издөөдө, кызматта ж. б. турган). Ю. ф. кесепет мүнөзү боюнча укук түзүүчү, укук токтотуучу, укук өзгөртүүчү болуп бөлүнөт.
|