|
Юридикалык иш-тажырыйба
|
|
ЮРИДИКАЛЫК ИШ-ТАЖЫРЫЙБА – топтолгон социалдык-укуктук тажырыйба менен бирдикте юридикалык эрежелерди басып чыгаруу, түшүндүрмөлөө жана жүзөгө ашыруу боюнча ишмердик. Коомдук мамилелерди кайра түзүүнүн ыкмаларына, мүнөздөрүнө жараша Ю. и-т. укуктук-чыгармачылык, укук колдонуучулук, буюртмалык, интерпретациялык жана башка түрлөрүн айырмалоого болот, а субъектери боюнча – мыйзам чыгаруучулук, соттук, тергөөчүлүк, нотариалдык ж. б. бөлүнөт.
|