|
Актоо өкүмү
|
|
АКТОО ӨКҮМҮ – соттолуучу адамдын күнөөсүздүгүн аныктай турган өкүм. Ал төмөндөгүдөй учурларда кабыл алынат: кылмыш окуясы жок болгондо; соттолуучунун жосунунда кылмыш белгиси жок болгондо; соттолуучунун кылмышка катышы бар экендиги далилденбегенде; залал келтирген адам аракетинде кылмыш-жаза мыйзамдарына кайчы келе турган укук бузуу белгилери жок болгондо (коргонуу зарылчылыгы, өтө зарылчылыктан улам, кылмыш жасаган адамды кармоо, буйрукту же көрсөтмөнү аткаруу учурларында залал келтирилсе, акталган тобокелге барганда).
|