|
Айкын (реалдуу) бүтүмдөр
|
|
АЙКЫН (РЕАЛДУУ) БҮТҮМДӨР – тек гана макулдашуу жетишсиз, ал эми буюмдарды өткөрүп берүү зарыл болгон бүтүмдөр (ошондон улам кийинки лат. realis – буюмдата деп аталган). Мүлктү менчикке өткөрүү же башка айрым бир буюмдук укуктар (м.: зайым), ошондой эле буюмдарды убактылуу берүү боюнча бүтүмдөр А. б. болуп саналдат. Бул буюмдарды берүүсүз карыз берүү тууралуу убадалар эчкандай укуктук натыйжаларга алып келбейт дегенди билдирет. Мунун карама-каршы түрү – консенсуалдык бүтүмдөр.
|