|
Поверенный в делах
|
|
ИШТЕГИ ИШЕНИМДҮҮ АДАМ – 1) протоколдук мамиле боюнча алганда, дипломатиялык өкүлчүлүктүн кичирээк деңгээлдеги (И. и. башкарган миссиядан) башчысы. И. и. а-ды (Charge d’Affaires en pied ) убактылуу И. и. а. (Charge d’Affaires ad interim ) менен, б. а. дипломаттык өкүлчүлүктүн башчысынын жогунда анын милдетин аткаруучу (кандай гана класстагы болбосун) менен аралаштырууга болбойт. 2) дипломаттык өкүлчүлүктүн (тийешелүү түрдө элчи менен жиберилгенден кийинки) төмөнкү классы. Мамлекет башчысынын карамагында эмес, тышкы иштер ведомствосунун башчысынын карамагында аккредиттелет.
|