|
Трибуналы международные
|
|
ЭЛАРАЛЫК ТРИБУНАЛ – эларалык кылмыш үчүн айыптоо боюнча жеке жактар менен мамлекеттердин үстүнөн сот ишин жүргүзүүчү эларалык орган, эларалык кылмыш-жаза сот акыйкаттуулук механизминин маанилүү курамдык бөлүгү. Аргандай мезгилде төмөндөгүдөй Э. т-дар түзүлгөн: 1) 1945-жылкы Эларалык аскер трибуналынын уставынын негизинде аракеттенген Нюрнбергдеги Эларалык аскер трибуналы; 2) 1946-жылкы Япониядагы биримдик державалардын аскер башчылары тарабынан бекитилген Уставдын негизинде аракеттенген Ыраакы Чыгыш үчүн Эларалык аскер трибуналы; 3) 1993-жылы БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган Уставдын негизинде аракеттенген 1991-жылдан мурдагы Югославиянын аймагында (Гаага) жасалган эларалык гуманитардык укуктарды одоно бузууларга жоопкер жактарды сот жоопкерчилигине тарта турган эларалык трибунал; 4) 1995-жылы БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган Уставдын негизинде 1994-жылдын 1-январынан 1994-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында Раунданын аймагында тукумкурут кылууга жана эларалык гуманитардык укуктарды одоно бузууга жоопкер жактарды, жана ага коңшу мамлекеттердин аймагында тукумкурут кылуу жана ушу сыяктуу кылмыштарга жоопкер Раунда жарандарын сот жоопкерчилигине тарта турган Эларалык кылмыш-жаза трибуналы.
|