|
Право международной торговли
|
|
ЭЛАРАЛЫК СООДАГА УКУГУ – жеке жана юридикалык жактар катышкан эларалык экономикалык (чарбалык) байланыштарды жөнгө салуучу ички улуттук жана эларалык-укуктук ченемдердин, ошондой эле укуктук адат-салттардын жана ишкер каадалардын татаал жыйындысы. Э. с. у. улуттук же эларалык укуктун өзалдынча тармагы болуп саналбайт. Ал эларалык жекече укуктан баарыдан мурда, үйбүлө, эмгек жана ишкердикке байланышпаган жарандык мамилелерге тийишпей, коммерциялык мүнөздөгү мамилелерди гана жөнгө салгандыгы менен айырмаланат. Э. с. у-н ошондой эле эларалык укуктун өзалдынча тармагы болуп саналган, негизинен мамлекеттердин жана эларалык уюмдардын ортосундагы экономикалык мамилелерди жөнгө салуучу, экономикалык кызматташтыктын жалпы принциптерин белгилөөчү эларалык экономикалык укук менен чаташтырууга болбойт. Кээде Э. с. у. эларалык соода укугу деп аталат. Э. с. у. укуктун жарандык, административдик, бажы, каржы (а. и. банк, салык), арбитраждык-процесстик, экологиялык ж. б. укук тармактарынын ченемдерин камтыйт.
|