|
Правительственный кризис
|
|
ӨКМӨТТҮК КРИЗИС – өкмөттүн өзү жоопкер болгон парламенттеги көпчүлүктүн колдоосуна ээ боло албай калышы. Ө. к. адатта ишеним көрсөтпөө вотумунан башталат. Андан кийин өкмөт кызматтан чегинет жана жаңы өкмөттү түзүү иши жүрө баштайт, же болбосо өкмөттүн өтүнүчү боюнча мамлекет башчысы парламентти таркатат жана ага кезексиз шайлоо дайындайт (мында өкмөт парламенттин жаңы курамында көпчүлүктүн колдоосуна жетишүүгө ниеттенет). Ө. к. жаңы өкмөттүн ишеним вотумуна ээ болушу менен кризис аягына чыгат.
|