|
Общий надзор
|
|
ЖАЛПЫ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУ – мыйзам арткычылыгын, мыйзамдуулуктун бирдигин жана чыңдалуусун камсыз кылуу, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максаттарында прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл. Ж. к. а.: жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана КР Өкмөтүнө башийген баардык аткаруу бийлик органдарынын, юридикалык жактардын, коомдук бирикмелердин, кызмат адамдарынын, ошондой эле жарандардын мыйзам актыларын сактоосуна, алар чыгарган актылардын мыйзамдарга дал келүүсүнө; ыкчам издөө иштерин ж. б. Башкы прокурор жана ага баш ийген прокурорлор баардык органдар, уюмдар жана адамдар тарабынан мыйзамдардын сакталышына төмөндөгүдөй максаттарда: ал органдар, уюмдар жана кызмат адамдары тарабынан кабыл алынган актылардын КР мыйзамдарына дал келүүсүн; эч ким мыйзамсыз жана негизсиз административдик, тартипке чакыруу жана материалдык жоопкерчиликке тартылбоосун; баардык мыйзам бузууларды жана аларга өбөлгө түзгөн жагдайларды өз убагында четтетүүгө, укук бузууларды калыбына келтирүүгө карата тийиштүү чаралардын көрүлүшүн камсыз кылуу үчүн көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашырат.
|