|
Дилер
|
|
ДИЛЕР (АЛЫПСАТАР) (англ. dealer ) – 1) өзү дүң сатып алган азык-түлүк, буюм-тайымдарды чекене сатуучу ишкер. Эреже катары, Д. ири өнөржай корпорацияларынын агенти болуп саналат жана анын дилердик тармагына кирет; 2) фондулук биржанын мүчөсү (жеке адам же уюм) же баалуу металлдарды, чет элдик акчаларды, баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатып өткөрүү менен алектенген банк; өз атынан жана өз каражатынын эсебинен аракеттенет; 3) баалуу кагаздар базарынын өз атынан жана өз каражаттарынын эсебинен баалуу кагаздарды кайра сатуунун же өзү бүтүргөн келишимдердин жыйынтыгында пайда алуу максатында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү түзүүчү кесипкөй катышуучусу.
|