|
Менчиктештирүү
|
|
МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ – мамлекеттик же муниципалдык мүлктү акы төлөө менен же болбосо жеке жана юридикалык жактардын менчигине акысыз өткөрүү. «Мамлекеттен ажыратуу » деген түшүнүккө дал келет. Мамлекеттик мүлктү М. төмөндөгүдөй усулдар менен ишке ашырылат: аукциондордо сатуу; конкурс менен сатуу; андан ары сатып алуу менен башкарууга өткөрүп берүү; чарбакер шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары кошуу. Өзгөчө учурларда, суроо-талаптардын жоктугунан М. объекти көрсөтүлгөн ыкмалар менен сатууга болбогон шарттарда түздөнтүз сатуу ыкмасы колдонулушу мүмкүн.
|