-
ЛИБРЕТТО
-
ЛИБРЕТТО (италянча libretto, сөзмө-сөз — китепче) — музыкалык-драмалык чыгарманын: операнын, опереттанын, кээде ораториянын көркөм тексти. Адатта ыр түрүндө жазылат; балеттин, пантомиманын көркөм сценарийин; опера, балет, драманын мазмунунун театр программасында же өзүнчө китепчеде (аты ошондон) жазылышы; кинофильм сценарийинин сюжеттик планы же схемасы. Л. алгач көрүүчүлөргө китепче катары чыгарылган, кийин Л-нун композициясы типтүү схема боюнча жазылган. Адабий-драматургияга шыгы бар композиторлор операларына Л-ну өздөрү түзүп жазган. Негизинен Л-ну профессионал жазуучу-акындар даярдашкан. «Манас» үчилтигинин негизинде көптөгөн жазуучу акындарыбыз: Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов кыргыздын туңгуч «Айчүрөк» операсынын Л-сун (1938), А. Токомбаев менен К. Маликов баатырдык-патриоттук «Манас» операнын Л-сун (1946) жазышкан. Операнын 2-редакциясы 1966-ж. кайра жазылган. Булар Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлган.
Такое же слова на других языках:
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
либретто